15.04.22

Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов Кыргызстандын элчиси Дастан Дюшекеев менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу, Казакстандын өкмөт башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Тараптар соода-инвестиция, транзит жана транспорт, ошондой эле суу-энергетикалык баланс боюнча кызматташуу маселелерин талкуулашты. Алихан Смаилов белгилегендей, эки боордош өлкөнүн ортосунда түзүлгөн дипломатиялык мамилелери 30 жыл аралыгында саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда өз ара түшүнүшүү жакшы деңгээлде өнүккөн.

Казакстандын премьер-министри соода жүгүртүүдө продукциялардын ассортиментин кеңейтүүнүн зарылдыгы жөнүндө өз пикирин билдирди. Соода-экономика тармагында, негизги жетишкендик болуп өз ара сооданын көлөмүн көбөйтүү жана 1 миллиард долларга жеткирүү болду. Жаңы максат 2 миллиард долларга товар жүгүртүүнү жеткирүү болуп саналат.

Алихан Смаилов:  “Бизде сооданы көбөйтүү мүмкүнчүлүгү бар 190 пункт боюнча сунуш бар. “Карасуу-Актилек” өткөрмө пунктунун аймагында, өнөр жай соода-логистикалык комплекстерди түзүү долбоорун ишке ашырууну тездетүү керек”, - деп белгилеп өттү.

Ошондой эле Казакстандын өкмөт башчысы, суу-энергетика тармагындагы кызматташууга токтолуп, министрлер кабинетинин башчысы бул жаатта маселелер ырааттуу чечилип жатканын белгиледи.

Өз кезегинде, Дастан Дюшекеев Кыргызстан Казакстандан түз инвестиция тартууга кызыкдар экенин билдирди.

Кыргызстандын элчиси Дастан Дюшекеев: “Биз инвестициялык жана соода саясатыбызды өркүндөтүү боюнча жигердүү иштерди улантуудабыз. Ишкердик жүргүзүү жана ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргоону камсыз кылуу үчүн жагымдуу шарттар түзүлүүдө”, - деп белгилеп өттү.

Дастан Дүйшекеев ошондой эле өз ара кызыкчылыктарды камсыздоо алкагында, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу сунушун айтты. Бул чечимдин максаты, тышкы рыноктордогу туруксуздуктун шартында, азык-түлүк коопсуздугунун тобокелдиктерин азайтуу боюнча консолидацияланган саясатты иштеп чыгуу маанилүү экендигин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында, тараптар талкууланган бардык маселелер боюнча кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.

https://kapital.kz/economic/104670/kazakhstan-i-kyrgyzstan-namereny-dovesti-tovarooborot-do-2-mlrd.html