18.04.22

Үстүбүздөгү жылдын башынан бери Казакстанда энергиянын кайра жаралуучу булактарынан (ЭКБ) өндүрүлгөн энергиянын кубаттуулугунун көлөмү 2 миң МВт түздү, бул өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 23% пайызга көпттүк кылат.

Белгилей кетсек, 2016-жылга салыштырмалуу энергиянын кайра жаралуучу булактарынан энергия өндүрүүчү объектилердин кубаттуулугу бир эле убакта 6,8 пайызга өскөн. Мындай маалыматты “Energyprom.kz” маалымат портавлы келтирет.

Өндүрүлгөн энергиянын көбү күн электр станцияларынан (51,6% пайызы же 1 миң МВт), шамал электр станцияларынан 34% пайыз (684 МВт) алынган. Андан кийин чакан ГЭСтер (281 МВт) жана биоэлектростанциялары (7,8 МВт) турат. 2021-жылдын январь-декабрь айларында, энергиянын кайра жаралуучу булактары тарабынан электр энергиясын өндүрүү бир  жыл ичинде 30,1% пайызга көбөйүп, жалпысынан 4,2 млрд (кВт) саатты түздү.

Казакстан боюнча электр энергиясын иштеп чыгууда кайра жаралуучу булактары тарабынан өндүрүлгөн электр энергиясы салыштырмалуу (өткөн жылы 3% пайыз) 2022-жылы 3,7% пайызды түздү. Кайра жаралуучу энергияны өндүрүүнүн басымдуу бөлүгү шамал электр станцияларынан алынган 42,1% пайыз же 1,8 млрд кВт/саат, жылдык өсүш 65% пайызды түзгөн. Күн электр станциялары 1,6 млрд (кВт) чакан ГЭСтер 799,7 млн (кВт) биоэлектростанциялары  3 млн (кВт) энергия өндүрүлгөн.

https://kapital.kz/economic/104709/v-rk-vyrabotka-elektroenergii-ob-yektami-vie-vyrosla-na-30.html