26.04.22

Казакстандын Өнөр жай жана инфраструктураны өнүктүрүү министри Кайырбек Ускенбаевдин айтымында, кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү долбоорлоруна  20,5 триллион теңге инвестиция жумшалат.

Тоо-кен өнөр жайы, агроөнөр жай комплекси жана инфраструктураны өнүктүрүүгө 57 долбоор даярдалып ага 1,3 триллион тенге инвестиция коротулмакчы. Бул тууралуу, “Kapital.kz” бизнес-маалымат борбору билдирди.

Өнөр жай жана инфраструктураны өнүктүрүү министри Кайырбек Ускенбаев: “Быйыл 165 долбоор ишке киргизилсе, калган 498 долбоор 2023-жылдан 2026-жылга чейин ишке ашырылат. 2022-жылы ишке ашырылган долбоорлорго салынган  инвестициянын жалпы көлөмү 1,7 триллион теңгени түздү”, - деп билдирди өкмөттүн жыйынында.

Атырау облусунда 820 миллиард теңгеге бааланган эң көп капиталды талап кылган долбоорлор ишке ашырылат. Министрдин айтымында, инвестициялардын эң аз көлөмү Павлодар облусуна туура келген  (7,4 млрд теңге). Мамлекеттик органдар боюнча, быйыл Өнөр жай жана инфраструктураны өнүктүрүү министрлиги 107 долбоорду, Айыл чарба министрлиги  46, Энергетика министрлиги 5 долбоорду жана Саламаттыкты сактоо министрлиги  7 долбоорду ишке ашырууда.

Кайырбек Ускенбаев: “Бул долбоорлор толук кубаттуулукка киргенде 2,5 триллион теңгеге бааланган продукция өндүрүлүп, алардын жалпы экспорту 3,6 миллиард долларды түзөт”, - деп белгилеп өттү.

Быйылкы жылдын эң негизги долбоолоруна, Атырау облусунда пропилен чыгаруучу завод, Караганды облусунда автомобиль дөңгөлөктөрүн чыгаруучу завод, Акмола облусунда алтынды бөлүп чыгаруучу завод жана Түркстандагы мунай иштетүүчү заводду куруу болуп саналат. Мындан тышкары,  Шымкент шаарында алюминий банкаларын чыгаруучу ишканасы, Чыгыш Казакстан облусунда май экстракциялоочу завод, Жамбыл облусунда минералдык жер семирткичтерди чыгаруучу заводду кеңейтүү жана Алматыда алюминий жана биметаллдык радиаторлорду чыгарууну кеңейтүү пландаштырылууда.

https://kapital.kz/economic/104956/kakiye-investproyekty-planiruyut-realizovat-v-2022-godu.html