28.04.22

Бишкек шаарында “Казакстан-Кыргызстан” бизнес форуму болуп өттү. Бул тууралуу “Казинформ” маалымат кызматы билдирди.

Форумга  казакстандык  тамак-аш өнөр жайы, металлургия, логистика, машина куруу, фармацевтика, химиялык өнөр жай тармагында иштеген компаниялар  катышты.

“Казакстан-Кыргызстан” бизнес-форумунда, “B2B” форматындагы сүйлөшүүлөргө, Кыргызстандын 100 ашык компаниялары катышты.

Казакстан Кыргызстандын үч негизги соода-экономикалык өнөктөшүнүн бири болуп саналат. 2021-жылы өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүү 970,8 млн долларды түздү, бул 2020-жылга салыштырмалуу 14,4% пайызга көпттүк (848,6 млн доллар) кылат.

Казакстандан Кыргызстанга экспорт 2021-жылы 7,6% пайызга өсүп, 625,2 млн долларды түздү.

Кыргызстанга экспорттун өсүшү алтын, минералдык жана газдалган суулар, көмүр, дары-дармектер жана автоунаалар сыяктуу товарлардын көбөйүшү менен негизделет. Ошондой эле негизги экспорттук товарлардын тизмесинде жаратылыш газы, металл, тамеки, цемент, курулуш материалдары бар.

Казакстандын кайра иштетилген продукциясын Кыргызстанга экспорттоону көбөйтүү потенциалы 100 миллион доллардан ашат, булар негизинен тамак-аш, химия, машина куруу, фармацевтика, металлургия сыяктуу тармактардын товарлары.

Казакстандын Соода жана интеграция министринин орун басары Кайрат Төрөбаев: “Казакстанда кыргыз капиталынын катышуусу менен 247 биргелешкен ишкана катталган. Негизинен ишканалар дүң жана чекене соода, курулуш, автоунаа сатуу, айыл чарба, жеңил өнөр жай тармактарында иштейт. Кыргызстанда Казакстандын капиталынын катышуусунда каржылык ишмердүүлүк, тамак-аш өндүрүшү, соода, унаа оңдоо, транспорт жана коммуникация, курулуш сыяктуу тармактарда 334 биргелешкен ишкана катталган. Казакстандын буга чейин Кыргызстанга болгон түз инвестициянын көлөмү 1 миллиард доллардан ашты”, - деп белгилеп өттү.

Эки өлкөнүн ишкерлери форумдун алкагында жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында, Казакстандан туз, ун жана макарон, пиво жана алкоголсуз суусундуктар, кондитердик жана сүт азыктарын жеткирүү боюнча 6 экспорттук келишим түзүлдү. Түзүлгөн келишимдердин жалпы суммасы 17,5 миллион долларды түздү.

https://kabar.kg/news/shest-eksportnykh-kontraktov-na-postavku-iz-kazakhstana-v-kyrgyzstan-zakliuchili-na-17-5-mln/