10.05.22

Касым-Жомарт Токаев жана Режеп Тайып Эрдогандын сүйлөшүүлөрү Түркиянын президентинин резиденциясында расмий делегация мүчөлөрүнүн катышуусунда болуп өттү. Бул тууралуу, “Акорда” басма сөз кызматы билдирди.

Тараптар Казакстан жана Түркиянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты чыңдоого байланышкан талкуулар болду.

Эки мамлекеттин лидерлери, ошондой эле эл аралык жана аймактык күн тартибинин актуалдуу маселелери жана эл аралык уюмдардын алкагында кызматташуу боюнча пикир алмашышты.

Касым-Жомарт Токаев: “Түркия Казакстандын эң алдыңкы беш ири соода өнөктөшүнүн бири. Биздин өлкөлөрдүн ортосундагы өз ара соода жыл сайын өсүүдө. 2021-жылы ал 5 миллиард доллардан ашты. Бул жүрүштү басаңдатпай, аны 10 миллиард долларга жеткиришибиз керек. Түркия биздин эң ири 10 инвесторубуздун бири болуп саналат. Казакстандын экономикасына 4 миллиард доллардан ашык инвестиция салды. Казакстан Түркиянын экономикасына 1 миллиард доллардан ашык инвестиция салды. Акыркы эки жылда, Казакстанда 16 инвестициялык долбоор ишке ашырылган. Биздин өлкөдө жашыл экономика, IT-технологиясы, космос, өнөр жай өндүрүшү сыяктуу тармактарды өнүктүрүү үчүн чоң потенциал бар. Мен сиздерди ушул тармактарда чогуу иштешүүгө чакырам. Биз Түркиялык инвесторлордун бардык демилгелерин колдоого жана аларга жагымдуу шарттарды түзүүгө даярбыз. Эртең түркиялык ири инвесторлор менен жолугушуу өткөрөм, анда инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн жолдорун талкуулайбыз. Жолугушуунун жыйынтыгында 1 миллиард долларлык бир катар коммерциялык келишимдерге кол коюлат”, - деп белгилеп өттү.

Түркиянын лидери эки өлкөнүн мамилесин жаңы деңгээлге көтөрүүгө даяр экенин билдирип, Казакстанда болуп жаткан реформаларды колдой тургандыгын билдирди.

Режеп Тайып Эрдоган: “Биз өз ара аракеттенүүнү кеңейтилген стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине жеткирип жатабыз. Түркия менен Казакстандын орток тарыхы, тили, дини жана маданиятынын негизинде бекем байланышы бар эки боордош мамлекет. Түркия эли Казакстандагы тынчтык жана туруктуулукка чоң маани берет. Жаңы Казакстанды куруудагы сиздин шыктанууңуз жана чечкиндүүлүгүңүз чоң урматтоого татыктуу. Сиздер өлкөдө жүргүзүп жаткан масштабдуу реформаларды колдоорумду билдирем”,-деп билдирди.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө, өндүрүш жана кайра иштетүү өнөр жайы, курулуш жана агроөнөр жай комплексинде биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды. Ошондой эле транспорттук-транзиттик өнөктөштүктү бекемдөө жана Транскаспий эл аралык транспорттук маршрутунун потенциалын жакшыраак пайдалануу маселелери талкууланды. Муну менен катар санариптештирүү, алдыңкы технологиялар, туризм жана билим берүү тармагындагы кызматташууга көңүл бурулду. Түркиянын эң ири техникалык университеттеринин филиалдарын Казакстанда ачуу сунушу айтылды.

Эки мамлекеттин башчыларынын айтымында, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы эки өлкөнүн ортосундагы көп кырдуу мамилелерди кеңейтилген стратегиялык өнөктөштүктүн деңгээлине чыгаруу үчүн перспективаларды ачат.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында, Касым-Жомарт Токаев жана Режеп Тайып Эрдоган кеңейтилген стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө Биргелешкен билдирүүгө кол коюшту.

https://kapital.kz/economic/105312/kazakhstan-i-turtsiya-rasshiryayut-strategicheskoye-partnerstvo.html