10.05.22

Казакстандын IT бизнес жана мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү 8-10-май күндөрү, Түркияда болуп, келечектеги биргелешкен долбоорлорду жана кызматташтыкты өнүктүрүүнү талкуулашты.

Анкарада Түркиянын Өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк жана Түркиянын Транспорт жана инфраструктура министри Адил Караисмаоглу, Түркиянын Соода жана биржалар палаталары биримдигинин (TOBB) төрагасы Рифат Хисарчиклиоглу менен жолугушту. Бул тууралуу, Казакстандын Санариптик өнүктүрүү, инновациялар жана аэрокосмостук өнөр жай министри Багдат Мусин билдирди.

Ошондой эле, Казакстандын делегациясы технопарктарды кыдырып, Түркиядагы венчурдук фонддордун жана ири IT-компаниялардын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Багдат Мусин: “Атап айтканда, Европанын, Жакынкы Чыгыштын жана Африканын аймагындагы эң чоң электрондук “Hepsiburada” соода платформасы, Түркиядагы онлайн тамак-ашка буйрутма берген эң чоң веб-сайтты “Yemeksepeti” жана биринчи Түркиялык  “Trendyol” (16,5 миллиард доллар капиталы бар)  декакорн- компаниясы, “SME Şekerbank” кооперативдик банкы, ошондой эле “Bilisim Vadisi”  IT технопаркы сыяктуу компаниялардын ишмердүүлүгү менен таанышып чыктык”  - деп билдирди.

Расмий жолугушуулардын жүрүшүндө, казакстандык IT тармагынын жетишкендиктери көрсөтүлүп, Түркиялык венчурдук фонддору жана рынок өкүлдөрү үчүн презентациялар өткөрүлдү.

Багдат Мусин жолугушуулардын жыйынтыгы тууралуу: “Биз түркиялык IT гиганттарына өздөрүнүн IT продуктуларын Казакстандын рыногуна чыгарууну сунуштадык. Алар Казакстандын санариптик архитектуранын платформалык моделине өтүү жана мамлекеттик процесстерди санариптик трансформациялоо борборун өнүктүрүү боюнча демилгелери менен тааныштырышты. Туркиялык компаниялар менен Казакстандын IT тармагына мамлекеттик колдоо көрсөтүү чаралары, казакстандык IT-компанияларынын “индустрия 4.0” жана “Smart city” тармагындагы пилоттук долбоорлорун ишке ашыруу тууралуу сүйлөштүк. Биз “Astana Hub” менен “Bilisim Vadisi” компанияларынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу меморандумуна кол койдук жана эки өлкөнүн IT товарларын жана кызматтарын алдыга жылдыруу жаатында кызматташууну талкууладык”, - деп белгилеп өттү.

https://kapital.kz/tehnology/105307/turetskim-it-kompaniyam-predlozhili-vyyti-na-kazakhstanskiy-rynok.html