05.11.22

Анкарада 10-май күнү “Kazakhstan Engineering” улуттук компаниясы жана “Turkish Aerospace” аскердик-техникалык компаниясынын ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту.

Документте Казакстанда “Kazakhstan Engineering”  компаниясынын базасында,  Түркияга таандык “ANKA” чабуулчу учкучсуз учуучу учактарын чогултуу жана тейлөө линиясы уюштурула турганы айтылат. Бул тууралуу “Kapital.kz” бизнес-маалымат борборуна, Казакстандын Өнөр жай жана инфраструктураны өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Түркияга таандык “ANKA” учкучсуз учактарын Казакстанда биргелешип чыгаруу келишимине, Казакстандын делегациясынын Анкарага болгон сапарынын алкагында кол коюлган. Келишимге ылайык, Казакстандын Куралдуу күчтөрү үчүн учкучсуз учактарды биргелешип чыгаруу, ошондой эле технологияларды трансферттөө жана аталган учактарды тейлөө жана оңдоо боюнча персоналды даярдоо жаатында узак мөөнөттүү кызматташуу пландаштырылууда.

Казакстан “ANKA” учкучсуз учактарын өндүрүүнү баштаган биринчи чет өлкө болуп калды. Түркиянын “TUSAŞ” компаниясынын башкы директору Темел Котиль мырза чет элдик өнөктөштөрдүн “ANKA” учкучсуз учактарына болгон кызыгуусуна ыраазычылык билдирип келип: “Жаңы келишим боордош Казакстан менен достук байланыштарды мындан ары да бекемдейт”, - деп баса белгилеп өттү.

“ANKA”  чалгындоочу жана сокку уруучу учкучсуз учагы Түркияда 2013-жылы түзүлгөн. Согуштук шарттарда сыналган. Максималдуу учуу салмагы 1700 кг жана 350 кг чейин пайдалуу жүктү көтөрө алат. Учак 9000 метрге чейинки максималдуу бийиктикте 30 саатка чейин учуп жүрө алат. Канаттарынын узундугу 17,5 метр, узундугу 8 метрге жакын.

https://kapital.kz/economic/105342/v-kazakhstane-budut-sobirat-turetskiy-bespilotnik-anka.html