11.05.22

Казакстан жана Түркиянын темир жол администрациялары логистикалык кызматтарды өнүктүрүү боюнча макулдашты. Бул тууралуу, “Казакстан темир жолу” компаниясынын басма сөз кызматы билдирди.

Анкарада Казакстан жана Түркиянын темир жол администрацияларынын ортосундагы кызматташтык келишимине  Казакстандын «ҚТЖ»  акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Нурлан Сауранбаев жана Түркиянын “TCDD Taşımacılık A.Ş.” компаниясынын башкы директору Хасан Пезук кол коюшкан.

Документ “Карс-Ахалкалаки” темир жол линиясын Түркияга негизги коридор катары пайдаланууну камтыган кызматташтыкты бекемдөөгө жана эки өлкөнүн логистикалык потенциалын өнүктүрүүгө багытталган.

Түркия тарап 2023-жылга чейин бул коридор боюнча жүк ташуу мүмкүнчүлүгү жана көлөмүн төрт эсеге чейин жогорулай тургандыгын ырастады.

Эскерте кетсек, 10-май күнү Түркиянын президентинин резиденциясында, Касым-Жомарт Токаев жана Режеп Тайып Эрдогандын сүйлөшүүлөрү өткөн. Өндүрүүчү жана кайра иштетүүчү өнөр жай, курулуш жана агроөнөр жай комплексинде биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга байланышкан маселелер талкууланган болучу. Ошондой эле транспорттук-транзиттик өнөктөштүктү бекемдөө жана Транскаспий эл аралык транспорттук маршрутунун потенциалын жакшыраак пайдалануу маселелери талкууланган.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Касым-Жомарт Токаев менен Режеп Тайып Эрдоган кеңейтилген стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө Биргелешкен билдирүүгө кол коюшкан.

https://kapital.kz/economic/105326/kazakhstan-i-turtsiya-budut-razvivat-logisticheskiye-servisy.html