05.16.22

Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов онлайн форматында сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Бул тууралуу, “primeminister.kz.” маалымат кызматы билдирди.

Өкмөт башчылары кеңейтилген курамда соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү, өнөр жай, транспорт, айыл чарба жана билим берүү тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле суу-энергетика тармагындагы кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов:  “Өзбекстан биз үчүн бир тууган коңшу мамлекет, убакыт сынагынан өткөн дос жана узак мөөнөттүү стратегиялык өнөктөш. Биздин негизги максатыбыз, мамлекет башчылары тарабынан коюлган милдеттерди толук ишке ашыруу жана эки өлкөнүн кызматташтыгын сапаттык жаңы деңгээлге чыгаруу”,-деп белгилеп өттү.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө 2021-жылдын аягына карата, өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүү 33% пайызга (4,3 миллиард доллар) өскөндүгү белгиленди. 2022-жылдын биринчи кварталында дагы оң динамика байкалып, товар жүгүртүү 1 миллиард доллардан ашкан. Бул көрсөткүч, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 27,2% пайызга жогору.

Жакынкы беш жылда, эки тараптуу сооданы 10 миллиард долларга жеткирүү максатын ишке ашыруу үчүн 41 иш-чарадан турган практикалык аракеттердин планы кабыл алынган.

Бул багытта тараптар өз ара соода жүргүзүүдөгү тоскоолдуктарды жоюу жана жаңы тоскоолдуктардын пайда болушуна жол бербөө боюнча иштерди активдештирүү зарылдыгын белгилешти. Казакстан тарап тиешелүү Жол картасынын долбоорун даярдап жаткан убагы. Анын негизинде, орун алган көйгөйлөрдү четтетүү боюнча максаттуу иштерди жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.

Өнөр жай тармагында да оң динамика байкалып, учурда жалпы суммасы 1 миллиард 786 миллион долларга жакын 9 ири биргелешкен долбоор ишке ашырылууда.

Талкуунун жыйынтыгында,  Казакстан менен Өзбекстандын өкмөт башчылары эки тараптуу ар тараптуу кызматташууга биргелешип кошумча дем берүү максатында, пландалган бардык долбоорлорду иштеп чыгууну улантууга даяр экендиктерин ырасташты.

 

https://kapital.kz/economic/105483/tovarooborot-kazakhstana-i-uzbekistana-v-i-kvartale-dostig-1-mlrd.html