18.05.22

Түркиянын “Iskefe Holding” компаниясы желатин чыгаруучу жана малдын терисин кайра иштетүүчү заводдун курулушуна 27 миллион доллар инвестиция салат.

Казакстандын Айыл чарба министрлиги менен “Iskefe Holding” компаниясынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга ведомствонун башчысы Ербол Карашукеевдин Түркияга болгон иш сапарынын алкагында кол коюлган. Бул тууралуу “Kapital.kz” интернет сайты, Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы тараткан  маалыматка таянып жазып чыктты.

Долбоорду ишке ашыруунун мөөнөтү 2022-2023-жылдарга пландалган. Завод ишке берилгенде 100 ашык жаңы жумуш орундары пайда болоору күтүлүүдө. Ишкана Алматынын өнөр жай зонасында курулуп ишке киргизилет. Чийки зат катары жергиликтүү малдын терилери колдонулат.

Заводдун курулушу быйыл башталып, 2023-жылы ишке берилүүсү пландалууда. Өндүрүш кубаттуулугу жылына 7000 тонна желатинди түзөт.

Эскерте кетсек, Түркиялык “Iskefe Holding” компаниясынын түзүмүндө 7 тери иштетүүчү завод, желатин, протеин, гидролизат, жаныбарлардан алынган суюк аминокислоталарды чыгаруучу заводдор, ошондой эле илимий борбор жана сыноо лабораториялары бар. Бүгүнкү күндө “Iskefe Holding” компаниясынын булгаары тармагында интеграцияланган Түркиянын өндүрүүчүсү болуп саналат. Компания Европа, Азия базарлары жана дүйнөдөгү уй этинен жасалган желатинге  болгон суроо-талаптын 6% пайызын өндүрөт.

https://kapital.kz/economic/105549/turetskaya-kompaniya-postroit-v-almaty-zavod-po-proizvodstvu-zhelatina.html