20.05.22

Казакстан жана Түркиянын ортосундагы соода жүгүртүү 2022-жылдын биринчи чейрегинде 1,5 миллиард долларга жетти. Бул тууралуу, “Kapital.kz” бизнес-маалымат борбору билдирди.

Жалпысынан бардык чет мамлекеттер менен болгон сооданын жалпы көлөмү менен салыштырганда, Түркия 6,5% пайыздык үлүшү менен үчүнчү орунда турат, анын ичинде импорттун үлүшү 4,2% пайыз, экспорт 7,2% пайызды түзөт.

Казакстандын Мамлекеттик кирешелер комитети тараткан маалыматта: “Үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында Түркияга 1 миллиард 251,9 миллион долларлык товар экспорттолсо, 236,3 миллион долларлык товар импорттолду. Ошентип, тышкы соода жүгүртүүнүн оң сальдосу 1 миллиард доллар деңгээлине жетти. Түркия тараптантын негизги суроо-талабы отун-энергетикалык товарлар болду. Анын наркы 885 миллион долларга жетип, үч айдагы бардык экспорттун 70,7% пайызын түздү. Экинчи орунда металлдар жана алардан жасалган буюмдар 324 миллион долларга барабар же экспорттун 25,9% пайызын түздү”- деп айтылат.

Ошондой эле 2022-жылы, Түркия жаныбарлардан жана өсүмдүктөн алынган продукцияларды, текстиль, машина куруу, химиялык өнөр жай продукцияларын сатып алган.

Казакстан Түркиядан 62 миллион долларга машина, прибор жана аппараттарды сатып алган, бул импорттун  26,2% пайызын түзөт. Экинчи орунда текстиль буюмдары турат алар 47,5 миллион долларга бааланган, үч ай ичинде жасалган  бардык импорттун 20% пайызын түзгөн.

Ошондой эле Түркиядан химия өнөр жайынын продукциялары, жаныбарлардан жана өсүмдүктөрдөн алынган продукциялар, метал жана алардан жасалган буюмдар, бут кийимдер, баш кийимдер, курулуш материалдары жана башка товарлардын түрлөрү сатылып алынган.

Эскерте  кетсек, 2021-жылдын биринчи кварталында эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүү 803,1 миллион долларга жетип, анын  экспорттук үлүшү 545,2 миллион доллар, импорт  257,8 миллион долларды түзгөн.

https://kapital.kz/economic/105600/tovarooborot-kazakhstana-i-turtsii-za-pervyy-kvartal-dostig-1-5-mlrd.html