26.05.22

Жакынкы жылдары Кыргызстан жана Казакстандын ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмүн 2 миллиард долларга жеткирүү пландалып жатканын, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев биринчи Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында көрүшмө учурунда билдирди.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев: “Бүгүн мен президент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен Бишкекке келдим. Биз жакынкы жылдарда өлкөлөрүбүздүн ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмүн 2 миллиард долларга чейин көтөрүүнү макулдаштык. Бул максатка жетүү үчүн биздин өлкөлөрдөгү ишкерлерге шарттарды түзүү зарыл, бул интеграцияга да тиешелүү” - деп белгилеп өттү.

Өткөн жылдын аягында, Кыргызстан жана Казакстандын ортосундагы өз ара сооданын көлөмү 35% пайызга өсүп, 1 миллиард доллардан ашкан.

Белгилей кетсек, буга чейин президент Садыр Жапаров менен жолугушууда  Токаев Казакстан “KazakhExport” компаниясынын колдоосу менен Кыргызстанга товарлардын жана продукциянын жүздөгөн түрүн сунуш кыла аларын белгилеген болучу.

https://economist.kg/novosti/2022/05/26/kyrgyzstan-i-kazahstan-dogovorilis-uvelichivat-tovarooborot-mezhdu-stranami-do-2-mlrd/