26.05.22

Кыргызстандын Ысык-Көл облусунда, Казакстандын капиталынын катышуусу менен күн электр станциясын куруу пландалууда. Долбоордун баасы 300 миллион долларды түзөт. Бул тууралуу, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Кыргызстандын президенти менен болгон жолугушуудан кийин билдирди.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев,  суу-энергетика тармагындагы алакаларды координациялоо маселелерине токтолуп келип: “Чек аралык суу ресурстары биз үчүн жалпы баалуулук экенин дагы бир жолу тастыктадык. Суу тартыштыгы жылдан жылга курчуп баратат. Мындай божомолду абройлуу эл аралык экологиялык уюмдар билдиришүүдө. Суу көбөйбөйт бул ачык эле көрүнүп турат. Андыктан Борбор Азия өлкөлөрү биргелешип иштешибиз керек”, - деп белгилеп өттү.

Касым-Жоомарт Токаев Казакстан бардык алган милдеттенмелерин толук аткарууга жана маанилүү долбоорлорду биргелешип ишке ашырууга даяр экенин баса белгиледи.

Эскерте кетсек, буга чейин Казакстандын президенти Кыргызстандын презинденти Садыр Жапаров менен болгон жолугушууда, эки тарапка тең пайдалуу сунуштардын тизмесин сунуштап, келечектүү инвестициялык долбоорлорду иликтеп чыгууну сунуштаган. Алардын бири, Кыргызстандагы Камбар-Ата ГЭС-1 биргелешип куруу дагы бар.

https://economist.kg/novosti/2022/05/26/kazahstan-planiruet-prinyat-uchastie-v-stroitelstve-solnechnoj-elektrostancii-i-kambar-atinskoj-ges-1/