06.07.22

Казакстандын  19 мал чарбасы  Өзбекстанга эт экспорттоо укугуна ээ болду. Макулдашуулар Казакстандын Айыл чарба министри Ербол Карашукеевдин Ташкентке болгон иш сапарынын алкагында жетишилди. Бул тууралуу, Казакстандын Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ербол Карашукеев Казакстан тараптын, Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) кирген өлкөлөргө экспортту көбөйтүүгө кызыкдар экенин белгиледи.

Ербол Карашукеев:  “Бүгүн Казакстанда Түрк мамлекеттеринин уюмуна (ТМУ) кирген өлкөлөргө, айыл чарба продукциясын экспорттоону олуттуу түрдө көбөйтүү мүмкүнчүлүгү бар. Биз дагы кайра иштетилген товарларды жеткирүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө кызыкдарбыз”, - деп белгилеп өттү.

Эскерте кетсек, буга чейин Өзбекстандын атайын реестрине Казакстандын 37 ишканасы киргизилген. Өзбекстан тарапка, Казакстандын ветеринардык системасы боюнча толук маалымат берүүнүн натыйжасында, ветеринардык кызматтын кепилдиги менен дагы Казакстандык 19 эт  өндүрүүчү чарба экспортко чыгуу укугуна ээ болду. Учурда Өзбекстандын реестрине Казакстандын 56 ишканасы киргизилген.

https://kapital.kz/economic/107021/kazakhstan-uvelichit-eksport-v-uzbekistan.html