12.09.22

Казакстандын Түркиядагы элчиси Еркебулан Сапиев Казакстандын экономикасына жаңы Түркиянын инвесторлорун тартуу максатында Түркиянын Газиантеп облусуна барды. Бул тууралуу Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Сапардын жүрүшүндө, Газиантеп облусунун килем токуучу фабрика, эт жана сүт азыктарын иштеткен ишканалар, калдыктарды кайра иштетүү, мунай химиялык өнөр жайы, тамак-аш, керектөөчү товарларды чыгарууга адистешкен 24 ири топтор жана компаниялар менен жолугушуулар өткөрүлдү.

Түркиялык инвесторлор Казакстандын инвестициялык климатты мындан ары жакшыртуу боюнча кадамдарын жогору баалап, кызматташууну бекемдөөгө кызыкдар экенин белгилешти.

Сапардын жыйынтыгында, Газиантептин потенциалдуу инвесторлорунун үчтөн бири, Казакстан менен инвестициялык кызматташууга оң көз карашта экендигин жана жакынкы айларда Казакстандын шаарларына барып, долбоорлорду активдүү иштеп чыгууга ниеттенишүүдө.

Атап айтканда, Казакстанда килем, эт азыктарын чыгаруучу, макулатураны кайра иштетүүчү жана башка ишканаларды куруу долбоорлорун ишке ашыруу пландаштырылууда.

https://kapital.kz/economic/108805/turetskiye-investory-rassmatrivayut-novyye-proyekty-v-kazakhstane.html