13.09.22

Казакстан 2050-жылга карата альтернативдик энергия булактарынын үлүшүн 50% пайызга жеткирүүнү пландаштырууда. Бул тууралуу, бүгүн 13-сентябрь күнү Казакстандын Энергетика министринин орун басары Жандос Нурмаганбетов, Алматыда өткөн биринчи “Борбор Азиялык таза энергетика” форумунда билдирди.

Бул максатка жетүү үчүн Жандос Нурмаганбетовдун айтымында, 2060-жылга чейин көмүртектин нейтралдуулугуна жетишүү концепциясынын алкагында иштер жүргүзүлөт.

Жандос Нурмаганбетов: “Белгилей кетчү нерсе 50% пайыз жашыл энергия булактарынан тышкары, ошондой эле атомдук жана суутек энергияларын камтыган абага зыяндуулугу аз альтернативалык булактар ​​экендигин белгилеп өткүм келет”, - деп билдирди.

Казакстандын Энергетика министринин орун басары Жандос Нурмаганбетов, суутек энергетикасын өнүктүрүүнүн концепциясын иштеп чыгуу жөнүндө: “Биз суутек рыногу кайда бара жатканын түшүнгүбүз келет, эгер анда орун бар болсо, кантип өндүрөт, кантип сактайт, кантип ташыйт жана баасы кандай болот ошого көңүл бурушубуз керек”, - деп белгилеп өттү.

https://www.tazabek.kg/news:1804158?from=tazabek&place=mainlast