13.09.22

Казакстанда кубаттуулугу 60 мегават (МВт) болгон жаңы шамал электр станциясы ишке киргизилди. Энергетикалык объект Алматы облусунун Енбекши-Казак районунда, жаратылыштан энергия алуу боюнча уникалдуу аймак болуп эсептелген, “Шелек” өрөөнүндө курулган. Бул тууралуу “Самрук-Энерго” компаниясынын маалымат кызматы билдирди.

Долбоордун баасы 37,4 миллиард теңгени түзөт. Жаңы станция ар биринин номиналдык кубаттуулугу 2,5 мегават (МВт) болгон 24 даана шамал турбинасын камтыйт. Мындан тышкары, ага көмөкчордон орнотулуп, тиешелүү инфраструктура, электр чубалгылары кошулган. Станция шамал турбиналары боюнча дүйнөдөгү алдыңкы өндүрүүчүлөрдүн бири болгон “GoldWind” компаниясынын жабдууларын колдонуу менен курулган. Жаңы шамал электр станциясы жылына 225,7 миллион кВт/саат электр энергиясын иштеп чыгат.

“Самрук-Энерго” компаниясынын маалымат кызматы:  “Өндүрүштүк мүнөздөмөлөрдөн тышкары, долбоор экологиялык жактан аймак үчүн маанилүү. Шамал станциясынын курулушу жана ишке киргизилиши парник газдарынын бөлүнүп чыгышын 206 миң тоннага чейин азайтат, ошондой эле жылына 89 миң тоннага жакын салттуу күйүүчү отун  энергиясынын ордун толтурат”, - деп билдирет.

Жалпысынан Казакстандын Энергетика министрлигинин маалыматы боюнча 2022-жылдын июль карата, өлкөдө кайра жаралуучу энергиянын 142 объектиси иштеп жатат. Жыл башынан бери, Казакстанда жалпы кубаттуулугу 322 мегават (МВт) болгон 8 объект ишке киргизилди. 2022-жылдын аягына чейин жалпы кубаттуулугу 153 мегават (МВт) болгон 13 объектти ишке киргизүү пландаштырылууда.

https://kapital.kz/economic/108828/v-kazakhstane-vveli-v-ekspluatatsiyu-novuyu-vetroelektrostantsiyu.html