27.09.22

Казакстанда 2022-жылы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жалпы аянты 23,4 миллион гектарды түздү. Бул былтыркыга салыштырмалуу 387,1 миң гектарга көпттүк кылат. Дан эгиндеринин аянты быйыл 16,1 миллион гектарды түзөт. Бул тууралуу өкмөттүн жыйынында, Казакстандын Айыл чарба министри Ербол Карашукеев билдирди.

Казакстандын Айыл чарба министри Ербол Карашукеев: “Үстүбүздөгү жылы аба ырайынын жагымдуу шарттары, дан эгиндерин жыйноо иштерин токтоосуз өз убагында, өткөрүүгө мүмкүндүк берди. Натыйжада бүгүнкү күндө 15,4 миллион гектарга эгилген дан жана  буурчак өсүмдүктөрүнүн,  жалпы аянтынын 96,3% пайызы жыйналды. Өлкөдө орточо түшүмдүүлүк гектарына 13,0 центнерди түзүп, 20,1 миллион тонна буудай жыйналып алынды. Белгилей кетсек, 2021-жылы орточо түшүмдүүлүк гектарына 9,8  центнерден болуп 14,9 миллион тонна же 25,9% пайызга аз жыйналган”, - белгилеп өттү.

Ал кошумчалагандай, жаңы түшүмдүн даны жогорку сапаттык көрсөткүчтөр менен мүнөздөлөт. Лицензияланган дан кабыл алуу ишканаларына тапшырылган буудайдын жалпы көлөмүнүн 85,8% пайызы 1-3-класстагы сапатка  ээ.

https://kapital.kz/economic/109157/v-2022-godu-v-kazakhstane-namereny-sobrat-svyshe-20-mln-tonn-zerna.html