05.10.22

Казакстан жана Түркмөнстандын ортосундагы товар жүгүртүү 2022-жылдын алгачкы жети айында 228,8 миллион долларды түздү, бул көрсөткүч өткөн жылдын бир жылдык товар жүгүртүүсүнүн көлөмүнө жакын. Бул тууралуу, Казакстандын Түркмөнстандагы элчиси Аскар Тажибаев шаршемби күнү «Нейтральный Туркменистан» гезитинде жарыяланган макаласында билдирди.

Ал 2021-жылы өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүү 254,3 миллион долларды түзгөнүн айтып, бул 2020-жылга салыштырмалуу дээрлик эки эсеге көп экенин кошумчалады.

Аскар Тажибаев: «Ошол эле учурда биздин мамлекет башчылары жакынкы беш жылда сооданын көлөмүн 1 миллиард долларга жеткирүү милдетин коюшту», - деп белгилеп өттү.

Өз макаласында, Казакстандын элчиси  өлкөлөр ортосундагы чек ара кызматташтыгы активдүү өнүгүп жатканын белгилеп келип: «Казакстандын Мангистау облусу менен Түркмөнстандын Балкан велаятынын ортосундагы өз ара кызматташуу потенциалына көп көңүл бурулууда. Келечекте бул эки өлкөнүн чек арасында атайын чек ара соода аймагын түзүү каралган», - деп билдирди.

Эчинин айтымында, өлкөлөр ортосунда дипломатиялык мамилелердин орнотулганына 30 жыл болгондугунун урматына, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовдун Казакстанга биринчи мамлекеттик сапары күтүлүп жаткан учуру. Өлкөлөр ортосундагы дипломатиялык мамилелер 1992-жылы түзүлгөн.

 

https://centralasia.media/news:1809014