06.10.22

Казакстан Каспий деңизинин жээгинде жагымдуу туристтик климатты түзүү үчүн 360 миллион доллардан ашык инвестиция тартууну пландоодо. Бул тууралуу, Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов “Каспий II экономикалык форумунда” сүйлөгөн сөзүндө билдирди.

Бул тууралуу «Казинформ» маалымат агенттиги билдирди. Өз сөзүндө Алихан Смаилов региондун өлкөлөрүн туризм тармагында биргелешкен кадамдарды активдештирүүгө, айкалышкан турларды ачуу, круиздик туризмди өнүктүрүү жана визалык жана миграциялык режимдерди либералдаштыруу боюнча чараларды көрүүгө чакырды.

Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов:  «Казакстандын өкмөтү Каспийдин жээгинде жагымдуу туристтик климатты түзүү боюнча чараларды көрүп жатат, 2025-жылга чейин 360 миллион доллардан ашык 15 инвестициялык долбоорду ишке ашыруу пландалууда», - деп белгилеп өттү.

Премьер-министр кошумчалагандай, аймактык туризмди өнүктүрүүнүн негизги кадамы катары, Каспий деңизинин бассейнинде жайгашкан өлкөлөрдүн ортосунда тиешелүү келишимди даярдоо болуп саналат.

Ошондой эле, Казакстандын өкмөт башчысынын айтымында, Каспий деңизинин жээгинде жайгашкан өлкөлөрдүн өз ара аракеттенүүсүндө экология маселеси маанилүү роль ойнойт.

 Алихан Смаилов: «Экологиялык тең салмактуулукту сактоо биздин өлкөлөр үчүн эң маанилүү милдет. Деңиздин экологиялык көйгөйлөрү анын биологиялык ресурстарынын түгөнүшүнө, сырьену казып алуунун жана жүктөрдү ташуунун натыйжасында олуттуу булгануу тобокелдигине алып келет. Ошого байланыштуу биз сиздерди Каспий экологиялык программасынын ишмердүүлүгүн кайра баштоону колдоого чакырабыз», - деп баса белгилеп өттү.

https://kapital.kz/economic/109441/boleye-360-mln-privlekut-dlya-razvitiya-turizma-na-kaspii.html