05.10.22

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 5-октябрь күнү Караганды облусунун аймагына жасаган иш сапарынын алкагында, “KamaTaresKZ” автоунаа дөңгөлөктөрүн чыгаруучу заводунун ишмердүүлүгү менен таанышууга  барды. Бул тууралуу, президенттин  басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы заводдун иши жана пландары менен таанышып чыктты. Маалым болгондой, завод учурда жеңил жана кичи жүк ташуучу унаалардын дөңгөлөктөрүн чыгарат. Толук кандуу ишкана ушул жылы иштей баштайт.

Завод толук кандуу ишке кирген соң экинчи этабында  өндүрүш агрегаттары  үчүн резина буюмдарын чыгаруу башталат. Үчүнчү этапта айыл чарба машиналары үчүн көлөмдүү дөңгөлөктөрдүн покрышкалары өндүрүлмөкчү. Жалпысынан заводдун долбоордук кубаттуулугу жылына 3,5 миллион даана покрышкаларды  чыгарууга жөндөмдүү.

Ишкананын жетекчилиги адистерди даярдоого баардык  мүмкүнчүлүктөрдү түзүп беришкен. Азыркы учурда, Саранск гуманитардык-техникалык колледжинде заводдун 68 кызматкери «резина буюмдары» жана «покрышка чыгаруу» адистиктери боюнча керектүү билимдерди алышууда.

https://centralasia.news/17434-glava-kazahstana-posetil-sovremennyj-zavod-po-vypusku-shin-kamatareskz.html