25.10.22

Үстүбүздөгү 2022-жылдын тогуз айынын жыйынтыгы менен Өзбекстанга азык-түлүк экспорттоо боюнча, Казакстан алдыңкы орунга чыккан. Бул тууралуу, «Казинформ» агенттиги билдирди.

Өзбекстандын Мамлекеттик статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2022-жылдын январь-сентябрь айларында, Казакстан Өзбекстанга азык-түлүктү жеткирүүчү негизги өлкөлөрдүн тизмесинде биринчи орунду сактап калды. Аталган мезгилде, Өзбекстандын азык-түлүк импортунун жалпы көлөмүнүн  36,2 пайызы   Казакстандын продукциянын үлүшүнө туура келет.

Өзбекстандын негизги суроо-талабы, Казакстандын буудайына (1,8 миллион тонна), унга  (280 миң тонна), арпа (73 миң тонна), өсүмдүк майына (65 миң тонна) жана картошка (49,6 миң тонна) азыктарына туура келет.

Өзбекстанга азык-түлүк продукциясын импорттогон алдыңкы беш өлкөгө Россия  (24% пайыз), Бразилия  (14,7% пайыз), Беларусь  (4,3% пайыз), Пакистан  (2,2% пайыз) мамлекеттери кирген.

Эскерте кетсек, буга чейин Өзбекстанга импорттолгон ундун 95% пайыздан ашыгы Казакстанда өндүрүлгөндүгү  маалымдалган.

https://kapital.kz/economic/109883/kazakhstan-lidiruyet-po-postavkam-prodovol-stviya-v-uzbekistan.html