29.10.22

Казакстан жана Кыргызстан мал чарбасы жана өсүмдүк өстүрүү тармагында кызматташууну тереңдетүүгө кызыкдар. Бул тууралуу, Казакстандын Айыл чарба министри Ербол Карашукеев Кыргызстандын Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбековдун Казакстанга болгон иш сапарынын алкагында билдирди.

Казакстандын Айыл чарба министрлигинин башчысынын айтымында, эки мамлекеттин ортосунда мал чарбачылыгы, айыл чарба продукциясын өндүрүүнү жана кайра иштетүүнү биргелешип өнүктүрүү, ошондой эле генетикалык материалды алмашуу жана үрөнчүлүктү өнүктүрүү боюнча тыгыз экономикалык кызматташтыкты орнотуу үчүн чоң перспективалар бар.

Казакстандын Айыл чарба министри Ербол Карашукеев: «Биз Кыргызстандын үрөн рыногунун катышуучуларына жаңы жогорку түшүмдүү сорттордун үрөндөрүн жана мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн отургузуу материалын өндүрүү жана сатуу маселесин кароого даярбыз. Ошондой эле ветеринария жана фитосанитария, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн генетикалык материалдарын алмашуу жаатында өз ара пайдалуу эки тараптуу кызматташтыкты жигердүү өнүктүрүүгө ниеттенебиз бар», - деп белгилеп өттү.

Тараптар ошондой эле айыл чарба продукциясын өз ара соодалоонун көлөмүн көбөйтүүнү максат кылышууда. Тактап айтканда, Казакстан айыл чарба жаныбарларын экспорттоого чектөөлөрдү алып салгандан кийин, Казакстандын Айыл чарба министрлиги Кыргызстанга асыл тукум малдарды, ошондой эле асыл тукум материалды жеткирүү мүмкүнчүлүгүн иштеп чыгууга даяр.

Белгилей кетсек, Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы айыл чарба продукциясынын соода жүгүртүүсү 2022-жылдын 8 айында 9% пайызга өсүп, 159,9 миллион долларды түзгөн. Казакстандан негизинен жумуртка, сүт азыктары, ун, макарон, шоколад жана кондитердик азыктар экспорттолот. Ал эми Кыргызстандан сүт азыктарын, алкоголсуз суусундуктарды импорттоп алат.

Кыргызстандын Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков Алматынын бир нече чарбаларында болуп, өндүрүш процесстери менен таанышып чыктты.

https://kapital.kz/economic/109985/sotrudnichat-v-sfere-rasteniyevodstva-namereny-kazakhstan-i-kyrgyzstan.html