10.11.22

Шаршемби күнү Астанада Казакстандын Соода жана интеграция министри Серик Жумангарин Пакистандын өкмөттүк делегациясы менен жолугушту. Жолугушууда тараптар, энергетика тармагындагы кызматташтыктын келечегин жана “Түркмөнстан-Афганистан-Пакистан-Индия” (TAPI) газ куурунун кубаттуулугун пайдалануу менен газ транзитин ишке ашырууну талкуулашты.

Пакистан тарап,  Казакстан менен мунай-газ, банк, айыл чарба жана башка тармактарда кызматташууга кызыкдар. Бул тууралуу, Казакстандын премьер-министринин басма сөз кызматы билдирди.

Пакистандын Федералдык өнөр жай жана өндүрүш министри Сайед Муртаза Махмуд: “Биздин энергетикалык ресурстарга болгон суроо-талап жыл сайын өсүүдө. Пакистандын рыногу абдан сыйымдуу, өлкөнүн калкы 200 миллиондон ашуун адамды түзөт. Бизде пайдалуу кендер жок, бирок бизде ыңгайлуу транспорттук байланыштар, темир жол инфраструктурасы бар”, - деп белгилеп өттү.

Мындан тышкары, Пакистан тарап Казакстанга деңизге жана Перс булуңунун өлкөлөрүнүн базарларына чыгуусуна өзүнүн “Гвадар” деңиз порту аркылуу  мүмкүнчүлүк берүүгө даяр экендигин билдирди.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында, тараптар үстүбүздөгү жылдын декабрь айында, Исламабад шаарында  өтө турган биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиянын 11-отурумунда көтөрүлгөн маселелерди кеңири талкуулоону макулдашты.

Эскерте кетсек, “Түркмөнстан-Афганистан-Пакистан-Индия”    (TAPI) газ   кууру менен дүйнөдөгү экинчи чоң газ кени болгон Түркмөнстандын “Галкыныш” газ кенинен, Индиянын Пакистан менен чек арасына жакын жайгашкан Фазилка шаарына 1800 километрге созулган газ кууру менен жыл сайын 33 миллиард куб метр жаратылыш газын ташылуусу күтүлүүдө.

https://business.com.tm/ru/post/9414/kazahstan-i-pakistan-naceleny-na-energeticheskoe-sotrudnichestvo-cherez-truboprovod-tapi