16.11.22

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 15-ноябрь күнү Алматы шаарына  болгон жумушчу сапарынын алкагында, Кытайдын автоунаа өндүрүшүнө таандык бренд болуп эсептелген “Changan”, “Chery” жана “Haval” маркасындагы автоунааларды чыгарган заводдун курулушун баштоо аземине катышты.

Жакынкы келечекте аталган автозавод ишке берилмекчи. Бул тууралуу “Акорда” басма сөз кызматы билдирди.

Долбоордун концепциясы жана болочок ишкананын макети президентке сунушталып, анда популярдуу унааларды чогултуу ыкмалары менен тааныштырышты. План боюнча завод 2024-жылдын төртүнчү кварталында иштей баштайт. Өндүрүш аянты 100 гектардан ашык аянтты ээлейт, үч бригаданын ар биринде ширетүүчү жана жыйноочу өзүнчө цехтер болот.

Кошумчалай кетсек, завод пландалган кубаттуулукка жеткенде бул жерден жылына 90 миңден ашык унаа чыгарыла турганы айтылды. Инвестициялар болжол менен 100 миллиард теңгени түзөт. “Астана Моторс” концернинин базасында курула турган завод 2,200 адамды жумуш орду менен камсыздаганга мүмкүндүк берет.

https://centralasia.news/18047-v-almaty-startovalo-stroitelstvo-krupnogo-avtomobilnogo-zavoda.html