17.11.22

Казакстандын Караганды облусунда “Күчтүү аймактар өлкөнүн өнүгүүсүнүн кыймылдаткычы” улуттук долбоорунун алкагында “Достык-Мойынты” темир жол тилкесинин экинчи жолунун курулушу башталды. Бул тууралуу  “primeminister.kz.” маалымат кызматы билдирди.

Узундугу 836 чакырымды түзгөн жаңы темир жол линиясынын ишке кириши, ата мекендик продукцияны үзгүлтүксүз экспорттоого жана өлкөнүн транзиттик потенциалынын өсүшүнө шарт түзөт. Курулуштун жүрүшүндө 419 кошумча курулуштарды (5 чоң көпүрө, 87 кичи жана орто көпүрө, 288 суу өткөргүч куурлар, 14 даана авто жол эстакадасы) жана  энергетика, коммуникация объектилерин куруу пландаштырылууда. Курулуш 2025-жылдын төртүнчү кварталында бүтүшү керек.

Ачылыш аземине, Казакстандын премьер-министр Алихан Смаилов телекөпүрө аркылуу катышты. Өз сөзүндө ал, стратегиялык маанилүү долбоор мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаевдин тапшырмасы менен ишке ашырылып жатканын жана республиканын транзиттик-транспорттук потенциалын өнүктүрүү үчүн чоң мааниге ээ экенин белгиледи.

Премьер-министр долбоорду ишке ашырууда жергиликтүү өндүрүштүн үлүшү 80% пайыздан ашык боло тургандыгын баса белгиледи. Тактап айтканда, шпалдарды, рельстерди, трансформаторлорду чыгаруу, инерттик материалдарды, кум-шагылды жеткирүү жергиликтүү ишканалар тарабынан ишке ашырылат.

Кошумчалай кетсек, курулушка 3,700 жакын адам тартылып, темир жол линиясын эксплуатациялоодо 500 адам туруктуу жумуш менен камсыз болот.

Казакстандын өкмөт башчысы Алихан Смаилов: “Темир жолдун курулушун ишке ашыруунун натыйжасында 20 жылдын ичинде бюджеттин кирешесин 4,1 триллион теңге акча каражатына көбөйтүүгө мүмкүндүк берет”, - деп белгилеп өттү.

https://kapital.kz/economic/110502/krupneyshiy-zheleznodorozhnyy-proyekt-nachali-stroit-v-kazakhstane.html