19.11.22

Түндүк Казакстан облусуна караштуу, Аккайын районунда жылына 5 миң тонна тоок этин өндүрө турган канаттуулар фабрикасы ачылды. Бул тууралуу, “Kapital.kz” бизнес-маалымат борбору билдирди.

Фабрика “Big Dutchmen”, “Szlachet-Stal” жана “Vagner” фирмаларынын заманбап европалык жабдуулары менен жабдылган. Фабрика келечекте жылына 20 миң тоннага чейин канаттуулардын этин өндүрүүгө мүмкүндүгү бар. Канаттуулар фабрикасы 165 адамды туруктуу жумуш орду менен камсыздады. Тоок фабриканын курулушуна  5 миллиард теңге акча каражаты жумшалды.

Маалым болгондой, акыркы эки жылда

 Түндүк Казакстан облусуна айыл чарба тармагындагы инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга 35 миллиард теңге бөлүнгөн. Он айдын жыйынтыгы боюнча облуста 1 триллион теңге акча каражатына бааланган айыл чарба продукциясы өндүрүлгөн.

Жалпысынан Казакстанда 65 даана канаттуулар фабрикасы бар. 2022-жылы канаттуулардын этин өндүрүү 2,9% пайызга өсүп, 239,6 миң тоннаны түздү.

Казакстан өзүнүн рыногун жумуртка менен камсыз кылуусу 101% пайызды түзөт. Ал эми канаттуулардын эти менен камсыздоо көрсөткүчү 50% пайыздан 65% пайызга чейин өскөн. Канаттуулардын этин сырттан сатып келүүнү толугу менен алмаштырууну жана 2025-жылга чейин жаңы канаттуулар фабрикаларын куруу жана иштеп жаткан фабрикаларды модернизациялоо аркылуу ишке ашыруу пландаштырылууда.

https://kapital.kz/economic/110560/ptitsefabriku-moshchnost-yu-5-tys-tonn-myasa-otkryli-v-kazakhstane.html