22.11.22

Казакстан 2023-жылы “Баку-Тбилиси-Жейхан” мунай кууру аркылуу Түркияга 1,5 миллион тонна мунай жөнөтүүнү пландоодо.

Бул тууралуу, “КазМунайГаз” компаниясы башкармалыгынын төрагасынын экономика жана каржы боюнча орун басары Даурен Карабаев брифинг учурунда  билдирди.

Даурен Карабаев: “Казакстандын “КазМунайГаз” жана Азербайжандын “SOCAR” компаниясы “Баку (Азербайжан) – Тбилиси (Грузия) – Жейхан” (Түркия) мунай кууру аркылуу 1,5 миллион тонна мунайзат ташуу боюнча беш жылдык келишимге кол койгондон бери азыр сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Келерки жылдан тарта мунайды (1,5 миллион тонна мунай) казакстандык компанияларынын кайсынысы ташый турганын аныктоо гана калды.

Келечекте мунайдын аталган көлөмдөн дагы  көбөйүшүн күтөбүз. Анткени буга биз эле эмес, Азербайжан да кызыкдар болууда”, - деп белгилеп өттү.

Эскерте кетсек, буга чейин Казакстандын Энергетика министри Болат Акчулаков Казакстан альтернативалык жолдор аркылуу мунай экспортун көбөйтө турганын билдирген. Анын ичинде Азербайжан аркылуу мунай ташууну 6-6,5 миллион тоннага чейин жеткирүү пландары бар экендигин айткан болучу.

https://kapital.kz/economic/110633/kazakhstan-napravit-1-5-mln-tonn-nefti-cherez-baku-tbilisi-dzheykhan-v-2023-godu.html