28.11.22

2022-жылдын январь-сентябрь айларында, Казакстандын Борбор Азия өлкөлөрү менен товар жүгүртүүсү 5,6 миллиард долларды түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 29,9% пайызга көбөйгөн. Анын ичинде экспорт 29,7% пайызга жетип 4 миллиард долларды түзсө, импорт 30,4% пайыга жогорулап 1,7 миллиард долларга чейин өскөн. Бул тууралуу “finprom.kz” маалымат кызматы билдирди.

Казакстан Өзбекстанга 2,6 миллиард доллар, Тажикстанга 591,2 миллион доллар, Кыргызстанга 519,9 миллион доллар, Түркмөнстанга 245,8 миллион долларга бааланган товар экспорттогон.

Казакстан Өзбекстандан 917,4 миллион доллар, Тажикстан 388,1 миллион доллар, Кыргызстан 273,7 миллион доллар, Түркмөнстандан 82,3 миллион долларга товар импорттоп алган.

Казакстандын резиденттеринин Борбордук Азия өлкөлөрүнүн инвесторлорунун алдындагы милдеттенмелери үстүбүздөгү жылдын июнь айында 627,8 миллион долларды түздү, бул өткөн жылга салыштырмалуу 15,8% пайызга көпттүк кылат.

Казакстандын резиденттеринин милдеттенмелеринин эң чоң көлөмү Өзбекстандан келген инвесторлорго карата катталып 330,1 миллион долларды түзгөн, жылдык өсүш 17,8% пайыз. Андан  кийин Кыргызстан (219,3 миллион доллар, өсүш жыл ичинде 22,3% пайыз), Тажикстан (73,8 миллион доллар) жана Түркмөнстан (4,6 млн доллар) өлкөсү турат.

https://kapital.kz/economic/110803/tovarooborot-rk-so-stranami-tsentral-noy-azii-vyros-na-30.html