06.12.22

Логистикалык борбор Актобе эл аралык аэропортунун базасында ишке ашырылат. Анын курулушуна 160 миллион доллар инвестиция коротулат.

Жергиликтүү басма сөз кызматы: «Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга эл аралык аэропортунун башкармалыгынын төрагасы Дастан Малиев жана Түркиялык “S Sistem Lojistik”  компаниясынын өкүлү Хусейн Барлин кол коюшту»,-деп айтылат маалыматта.

Аянты 500 миң чарчы метр болгон контейнердик терминал жабык бөлүштүрүүчү борбордон, контейнерлерди күтүү үчүн унаа токтотуучу жайдан, товарларды кайра жүктөө, контейнерлерди сактоо жана аларды темир жол вагондоруна кайра жүктөө терминалынан турат.

Буга чейин   Түркиялык “S Sistem Lojistik” компаниясы Казакстандын Актобе облусуна 550 миллион долларга кант заводун курууга ниеттенип жатканын билдирген. Анын кубаттуулугу жылына 330 миң тонна шекер чыгарууга жөндөмдүү болот.  Ошондой эле, 2025-жылдын аягына чейин, аталган компания жалпы баасы 700 миллиард теңгеге жакын төрт долбоорду ишке ашырат. Аларга Мугалжар районуна караштуу Жем шаарында 2027-жылы 1,5 триллион теңгеге акча каражатына мунай-химиялык комплекс пайда курулат.

2023-жылдын башында 278,6 миллион долларга темир жол дөңгөлөктөрүн чыгаруучу завод пайдаланууга берилмекчи. Мындан тышкары, 16 миллиард теңгеге рельс ширетүүчү ишкана жана 8,3 миллиард теңгеге медициналык жабдууларды жана медициналык буюмдарды чыгаруучу завод курушмакчы.

https://lsm.kz/logisticheskij-hab-poyavitsya-v-aktobe