09.12.22

Казакстандын премьер-министри Алихан Смаиловдун төрагалыгы алдында “KAZAKH INVEST NC” акционердик коомунун (ААК) директорлор кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу, өкмөт башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Жыйында 2023-2027-жылдары аралыгында жасала турган иш-чаралардын планы, корпоративдик башкаруу кодексинин долбоору, ошондой эле директорлор кеңешине отчет берүүчү кызматтардын айрым маселелери каралды.

Үстүбүздөгү жылы “KAZAKH INVEST” акционердик коомунун (ААК) колдоосу менен жалпы суммасы 4,1 миллиард долларга чет элдик компаниялардын катышуусу менен 45 долбоорду ишке ашыруу күтүлүүдө.

Инвесторлорду сервистик колдоонун алкагында, улуттук компания 1,952 арызды карап чыгып, виза маселелери, инвестициялык преференциялар жана инвесторлордун ишмердүүлүгүнө тиешелүү мыйзамдар боюнча консультацияларды берген.

Үстүбүздөгү жылдын 11 айынын жыйынтыгы боюнча, чет элдик компаниялар үчүн Казакстандын аймактарына 212 иш сапары уюштурулуп, анын алкагында тиешелүү министрликтер, акимчиликтер, финансы өнүктүрүү институттары, ошондой эле жергиликтүү ишкерлер менен жолугушуулар өткөрүлгөн.

Мындан тышкары 13 ири инвестициялык иш-чара уюштурулган болучу.

 

https://kapital.kz/economic/111152/zapusk-45-proyektov-s-inostrannym-uchastiyem-na-4-1-mlrd-ozhidayet-sya-v-rk.html