07.02.23

Казакстандын Улуттук компаниясы “Казмунайгаз” февраль айында, өзү өндүргөн мунайзатын “Баку-Тбилиси-Жейхан” кууру аркылуу экспорттоп баштайт. Бул тууралуу,  “Рейтер” агенттиги билдирди.

Алынган маалымат боюнча “Казмунайгаз” компаниясы “Баку-Тбилиси-Жейхан”  кууруу аркылуу айына 120 миң тоннага чейин мунай жеткирет.  Азербайжандын Мамлекеттик мунай компаниясы “SOCAR” менен жылына 1,5 миллион тоннага чейин чийки мунай заттын экспорттоо боюнча келишим түзүлгөн. Мындан ары дагы анын көлөмүн жылына 6-6,5 миллион тоннага чейин жеткирүү пландалууда.

Ошондой эле “Казмунайгаз” компаниясы, Грузиянын Батуми порту аркылуу мунай экспортун көбөйтүүнү пландоодо. Өткөн жылы аталган компания, Батуми аркылуу айына 21 миң тоннага жакын мунайзатын жеткирип турган. Эми айына 50 миң тоннадан 100 миң тоннага чейин мунай экспорттоону пландоодо.

Буга чейин, Казакстандын Энергетика министри Асет Магауов Казакстан 2026-жылга чейин, Азербайжан аркылуу мунай экспортун 15 миллион тоннага жеткирүүнү пландап жатканын билдирген. Анын айтымында, план боюнча үстүбүздөгү жылдын аягына чейин этап-этабы менен анын көлөмүн 6,5 миллион тоннага жеткирүү каралган.

Казакстан өткөн жылы мунай экспортунун жолдорун диверсификациялоо планын бир нече жолу жарыялаган. Ал үчүн Азербайжандын аймагы аркылуу мунай экспорттоо артыкчылыктуу экендиги белгиленген болучу.

https://az.sputniknews.ru/20230207/kazakhstan-budet-eksportirovat-svoyu-neft-po-btd-451495418.html