13.02.23

Казакстандын өкмөтү коңшу төрт өлкө менен чектеш аймактарына жана Каспий деңизинин жээгине соода-логистикалык комплексин курууну пландап жатканын өлкөнүн Соода жана интеграция министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Аталган соода-логистикалык комплекстерин 2026-жылга чейин  курулушун аяктоо пландалууда. Аларга, Кыргызстан менен болгон чек ара аймагына (Жамбыл облусу) Өнөр жай соода-логистикалык комплекси курулат. Өзбекстан менен болгон чек арасына “Борбор Азия” (Түркстан облусу) эл аралык өнөр жай кооперация борбору, Россия менен чектеш аймака “Евразия” (Батыш Казакстан облусу) чек ара соода борбору, Каспий деңизинин жээгинде жайгашкан Актау шаарында  “Каспий түйүнү” контейнердик хабы курулат. Мындан тышкары, Кытай менен чектешкен “Хоргос” чек ара кызматташтыгы эл аралык борбору комплекси кеңейтилет.

Соода-логистикалык комплекстери кампалар, товарларды сактоо, консолидациялоо, кайра иштетүү, жаңы товарларды өндүрүү жана аларды эл аралык товарларды бөлүштүрүү системаларына натыйжалуу интеграциялоо жана сатуу иштерин аткарат. Ошондой эле товарларды кыска мөөнөткө сактоо, логистика, сатууга чейинки даярдоо  (товарларды сорттоо, таңгактоо жана продукцияны сертификациялоо), товарларды кайра бөлүштүрүү, транспорт каражаттарына жүктөө жана түшүрүү, трансконтиненталдык жүк ташуу кызматын өнүктүрүү милдетин аткарат.

Казакстандын Соода жана интеграция министрлигинин маалымат кызматы тараткан маалыматта: “Чек арада курулган соода логистикалык комплекстер жергиликтүү соода борборлорунун кызматын гана аткарбастан, Казакстандын башка аймактарында жайгашкан ишканаларынын экспорттук потенциалын өнүктүрүүгө дагы салымын кошот”, - деп айтылат.

Мындан тышкары, соода-логистикалык комплекстери товарлардын баасын төмөндөтүп жана аны болжогон жерге тез арада жеткирүүнү камсыздайт.

https://kabar.kg/news/kazakhstan-planiruet-stroitel-stvo-industrial-nogo-torgovo-logisticheskogo-kompleksa-na-granitce-s-kyrgyzstanom/