03.03.23

Казакстан менен Өзбекстандын ортосундагы соода жүгүртүүнү көбөйтүү үчүн “UzKazTrade”тышкы соода компаниясы түзүлдү. Компаниянын негиздөөчүлөрү Казакстандык Соода саясатын өнүктүрүү борборунун кызматын аткарган “QazTrade” акционердик коому жана  Өзбекстандык “UzTrade” акционердик коому болуп эсептелет.

Бул тууралуу, “Kapital.kz” бизнес-маалымат борбору билдирди. Аталган маалымат борбору тараткан маалыматта: “Тышкы соода компаниясынын ишмердүүлүгү эки өлкөнүн ири ишканаларынын продукциялары үчүн рынокторду изилдөө жана атаандаштыкты талдоолорду жүргүзүүгө, даяр продукцияларды чыгарууга заказдарды кабыл алуу, өз ара соода процесстерин оптималдаштырууга жана координациялоого, бизнеске көмөк көрсөтүүгө багытталат. Товарларды башка үчүнчү өлкөлөрдөн импорттоонун ордуна, Өзбекстанда жана Казакстанда өндүрүлгөн технологиялык жабдууларды, запастык бөлүктөрдү, чийки заттарды жана материалдарды жеткирүүдө, сатып алуучу кардарларды табууда кызмат көрсөтөт”, - деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, 2022-жылга карата, Казакстан менен Өзбекстандын ортосундагы товар жүгүртүү 5 миллиард долларга жетип, өткөн жылга салыштырмалуу 29,8% пайызга өскөн.

https://kapital.kz/economic/113533/kazakhstan-i-uzbekistan-sozdali-vneshnetorgovuyu-kompaniyu-uzkaztreyd.html