20.03.23

Казакстандын Кашаган мунай кенинен  биринчи жолу “Актау-Баку” маршруту  менен  нефт ташыла баштады.

Бул тууралуу, Азербайжандын Каспий деңиз кемечилигинин (АСКО) басма сөз кызматы билдирди. Аталган маалыматта: “Казакстандын Кашаган кенинде өндүрүлгөн мунай алгачкы жолу “Актау-Баку” маршруту менен ташыла баштады. Жаңы каттам боюнча мунай ташуу Азербайжандын Каспий деңиз кемечилигине (ASCO) таандык “Академик Хошбахт Юсифзаде” деңиз транспорт кемеси тарабынан ишке ашырылды” - деп айтылат.

Танкерге 6.900 тонна мунайдын биринчи партиясы жүктөлгөн. Мунай жүктөлгөн кеме Казакстандын “Актау” портунан Азербайжандын “Сангачал” деңиз  терминалына жеткирилет.

https://report.az/ru/energetika/neft-s-mestorozhdeniya-kashagan-vpervye-transportiruetsya-po-marshrutu-aktau-baku/