20.03.23

Казакстанда 2023-жылдын январь-февраль айларында, автозаводдорунун конвейерлеринен 19,5 миң даана автоунаа чыгарылды.  Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 36,8% пайызга көпттүк кылат. Мындай билдирүү, Казакстандын Автомобиль бизнеси ассоциациясынын (АКАБ) пресс-релизинде жарыяланды.

Казакстанда февраль айында 130,2 млрд теңгеге бааланган 10,4 миң автоунаа чыгарылган.

Өлкөдө өндүрүлгөн эң популярдуу бренд маркадагы автоунаалар,  “Hyundai” (7,8 миң унаа), “Chevrolet” (4,1 миң унаа), “Kia” (3,8 миң унаа) жана “JAC” (2,5 миң унаа) маркасындагы автоунаалары болуп эсептелет.

Февраль айынын жыйынтыгы менен Казакстандын жалпы өнөр жайынынын 46,7 пайызы автомобиль өнөр жайынын үлүшүнө туура келген. Казакстандын Автомобиль бизнеси ассоциациясынын (АКАБ)  маалыматы боюнча, 2023-жылы Казакстандын автоунаа рыногу тездик менен кеңейүүдө. Ошол эле учурда логистикадагы көйгөйлөр жана жарым өткөргүчтөрдүн жетишсиздиги бара-бара жоюлуп кыйынчылыктар артта калды.

Казакстанда жаңы автоунааларды сатуу февраль айында 1,7 эсеге өсүп, 13,1 миңге жетти.

https://kz.kursiv.media/2023-03-20/lbrt-proizvodstvo/