05.04.23

Казакстан Азербайжан менен соода кызматташтыгын өнүктүрүүгө кызыкдар.

Бул тууралуу, Казакстандын Соода жана интеграция министринин орун басары Кайрат Төрөбаев Казакстандык товар өндүрүүчүлөрдүн Бакудагы Соода-экономикалык миссиясынын жыйынында билдирди. Анын айтымында, эки өлкөнүн компаниялары жыл сайын 30 миллион доллардан кем эмес келишимдерди түзүшөт.

Казакстан менен Азербайжандын ортосундагы товар жүгүртүү былтыр өсүп, 262 миллион долларга жеткен. Вице-министрдин айтымында, соода кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү максатында, Бакуга Казакстандын 23 компаниясынын өкүлдөрүнөн турган делегация келген.

Кайрат Төрөбаев Казакстан дагы Бакуда соода үйүн ачууну пландаштырып жатканын кошумчалады. Азыркы учурда, Казакстанда 145 азербайжандык компания, негизинен кичи жана орто бизнес тармагында иштеп жатат.

https://report.az/ru/biznes/kazahstan-zainteresovan-v-razvitii-torgovogo-sotrudnichestva-s-azerbajdzhanom/