13.04.23

Казакстандык “Тау-Кен Самрук” улуттук тоо кен компаниясы жана Түркиялык “D Mineral” компаниясы биргелешкен геологиялык чалгындоо долбоорун баштайт. Геологиялык чалгындоо үчүн келечектүү аймактарды аныктагандан кийин компаниялар биргелешкен ишкана түзүүнү пландаштырууда.

Келишимге Казакстандын “Тау-Кен Самрук”  компаниясынын жетекчиси Бакыт Чирчикбаев жана Түркиянын “D Mineral” компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасынын орун басары Илхан Пойраз кол коюшту. Иш-чарага, Казакстандын Өнөр жай жана инфраструктураны өнүктүрүү министринин орун басары Иран Шархан катышты. Бул тууралуу, аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Илхан Пойраз “D Mineral” компаниясы  Казакстандын компаниялары менен көп тармактуу узак мөөнөттүү кызматташууга даяр экендигин  белгилеп өттү.

Келишимге кол коюлгандан кийин, тараптар келечекте геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө лицензия алуу жана биргелешкен ишкана түзүү пландалып, келечектүү аймактарды изилдөөгө киришет. Биргелешип түзүлгөн ишкана алтын кендерин издөөгө багытталат. Геологиялык чалгындоо иштерин каржылоону Түркиялык компания  өз мойнуна алмакчы.

https://ru.sputnik.kz/20230413/kompanii-kazakhstana-i-turtsii-planiruyut-sozdat-sp-v-sfere-geologorazvedki-33910314.html