11.04.23

2022-жылдын жыйынтыгы менен Казакстанга келген түз чет өлкөлүк инвестициялардын дүң агымы 28 миллиард долларды түздү. 2021-жылга салыштырмалуу 17,7% пайызга көпттүк (23,8 миллиард доллар) кылат.

Бул акыркы 10 жылдагы рекорддук көрсөткүч  болуп саналат. Мындай көрсөткүч 2012-жылы болуп түз инвестициянын көлөмү 28,9 миллиард долларга жеткен болучу. Бул тууралуу, “Kazpravda.kz” маалымат агенттиги билдирди.

Казакстандын өкмөтүнүн жана областтык акимчиликтердин өткөн жылдагы иш-аракеттеринин аркасында, Казакстандын 2026-жылга чейинки инвестициялык саясат концепциясынын орто аралык максаттуу көрсөткүчтөрү 14,3% пайызга ашыкча   (план 24 млрд доллар)  аткарылды.

Казакстанга инвестиция салуунун көлөмү боюнча лидерлер өлкөлөр Нидерландия - 8,33 млрд доллар (19,7% пайызга өсүү), Америка - 5,1 млрд доллар (+81,9%), Швейцария - 2,8 млрд доллар (+2,4%), Бельгия - 1,56 млрд доллар (+ 46%), Россия - $1,52 млрд (-19,7%), Түштүк Корея - $1,48 млрд (+84,8%), Кытай - $1,43 млрд (-22%) Франция - $770,2 млн (+27,4%), Улуу Британия - 661 миллион доллар (-35,7%) жана Германия - 469,5 миллион доллар (+45,4%) көлөмүндө түз инвестиция салышкан.

https://kazpravda.kz/n/kazahstan-privlek-rekordnyy-obem-pryamyh-inostrannyh-investitsiy/