05.09.23

Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаев Алматы облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында, ата мекендик аскердик өнөр жайы өндүрүшү менен алектенген компаниялардын продукцияларынын бет ачар иш чарасына катышты. Бул тууралуу, президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Иш сапарынын жүрүшүндө, президент Казакстан-Түркия биргелешкен “Kazakhstan Aselsan Engineering” ишканасы жана “Отакар” компаниясынын аскердик продукциялары менен  таанышты.

Токаев ошондой эле Отокар өндүргөн “Арма” брондолгон унаасын кароодон өткөрдү. Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаев аскердик-өнөр жай комплексин локалдаштыруунун маанилүүлүгүн баса белгилеп өттү.

https://www.trtavaz.com.tr/haber/tur/avrasyadan/kazakistan-cumhurbaskani-tokayeve-turk-savunma-sanayi-sirketlerinin-urunleri-t/64f76bbbc9393e2b8b78dad8