07.09.23

Казакстан парламентинин жогорку палатасы, Түркия менен Казакстандын ортосундагы бажы көзөмөлүнүн процедураларын жөнөкөйлөтүү жөнүндөгү мыйзамды жактырды. Сенат 2023-жылдын 7-сентябрында Башкы ассамблеянын сессиясында “Казакстандын өкмөтү менен Түркиянын өкмөтүнүн ортосунда маалымат алмашууну жөнгө салуу жана жөнөкөйлөтүү жөнүндө макулдашууну” бекитүүнү караган мыйзам долбоорун кабыл алды.

Казакстандын Түркияга импорту жана экспорту

Түркиядан жалпы 12 өткөрмө пункту аркылуу импорт жана 7 өткөрмө пункту аркылуу экспорт жасала тургандыгын белгилеген казакстандык сенатор Нурия Ниязова: “Бул мыйзамдын күчүнө кириши, экономикалык жана коомдук кызыкчылыктарды коргоо максатында тараптардын ортосундагы кызматташтыктын деңгээлин жогорулатат. Бажы көзөмөлүнүн жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү жана салык төлөмдөрүн кыскартуу, бул сумманы бир топ жогорулатат”, - деп белгилеп өттү.

Түркия менен Казакстандын ортосундагы сооданын көлөмү өсүүдө

Казакстандын сенатору Нурия Ниязова аталган мыйзам менен эки өлкөнүн ортосундагы жүк жана унаалар коопсуз жана тез ташыларын билдирди. Ниязова Казакстандын Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн тышында, Кытайдан кийин Түркия менен эң көп соода жасалганын белгиледи. Ал 2023-жылдын алгачкы 6 айында өз ара соода көлөмүнүн болжол менен 3 миллиард доллардан ашкандыгын белгилеп өттү.

Сенат тарабынан жактырылган мыйзам долбоору, Казакстандын президенти Касым Жомерт Токаевдин кол коюусу менен күчүнө кириши күтүлүүдө.

https://www.qha.com.tr/turk-dunyasi/kazakistan-dan-turkiye-ile-gumruk-kolayligi-anlasmasina-onay-478030