11.09.23

Азербайжан жана Казакстандын ортосундагы эки тараптуу кызматташтык жаңы деңгээлге чыгып, жаңы баскычты башынан өткөрүүдө.

Бул тууралуу, Казакстандын Азербайжандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Алим Байел. “Азербайжан-Казакстан: аймактык кызматташтык” аттуу тегерек столдо сүйлөп жатып билдирди.

Анын айтымында, эки өлкөнүн мамилесинин деңгээли жана активдешүүсү көп жагынан мамлекет башчыларынын өз ара иш сапарларынан көз каранды.

Алим Байел: “Акыркы төрт айдын ичинде, Азербайжанга Казакстандын Мажилисинин (парламет) өкүлдөрү, премьер-министри, маданият министри жана башкалар келишти, бул биздин кызматташуунун деңгээлинен кабар берет”, - деп белгилеп өттү.

Элчи “Орто коридор” маселеси күн тартибинде турганын баса белгилеп келип: “Биз үчүн өнөктөштүктүн абдан маанилүү багыттары соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтык болуп эсептелет. Эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнүн динамикасы абдан жакшы деңгээлде. 2022-жылы товар жүгүртүү 460 миллион долларга өссө, быйылкы жылдын 6 айында 300 миллион долларды түздү”, - деп билдирди.

Элчинин айтымында, Каспий деңизинин түбү менен була-оптикалык байланыш линиясын тартуу долбооруда  абдан маанилүү экенин билдирип: “Бул долбоор боюнча практикалык иштер жакында башталат. Мунун баары өлкөлөрдүн телекоммуникациялык көз карандысыздыгын камсыз кылуу жана маалыматтык коопсуздукту сактоо үчүн жасалып жатат”, - деп белгилеп өттү.

Элчи мырза ошондой эле, Азербайжан менен Казакстандын аймактагы маанилүү оюнчулар экенин, ошондуктан кеңири контекстте кызматташуу абдан маанилүү экенин кошумчалады.

https://www.aksam.com.tr/dunya/kazakistan-ve-azerbaycan-arasindaki-isbirligi-yeni-bir-seviyeye-ulasiyor/haber-1399012