11.09.23

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Түркиянын Тышкы иштер министри Хакан Фиданды кабыл алганын “Акорда” басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы Хакан Фиданды Түркиянын Тышкы иштер министри кызматына дайындалышы менен куттуктап, Казакстан-Түркия мамилелеринин мындан аркы өнүгүшүнө чоң салым кошоруна ишенимин билдирди.

Касым-Жомарт Токаев быйыл маанилүү тарыхый дата болгон Түркиянын Республика болуп жарыялангандыгынын 100 жылдыгы белгиленип жатканын баса белгилеп келип: “Кылым ичинде өлкө саясий, социалдык-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда эбегейсиз зор ийгиликтерге жетишти. Аймактык жана глобалдык көйгөйлөрдү чечүүгө жигердүү жана өжөрлүк менен катышуу менен өлкө эл аралык аренада беделдүү мамлекетке айланды. Түркиянын жүз жылдык мааракесине карата мен Астананын көчөлөрүнүн бирине “Анадолу” атын ыйгарууну тапшырдым”,-деп билдирди.

Түркия Казакстандын эң маанилүү стратегиялык өнөктөшү экенин баса белгилеген мамлекет башчы, эки өлкөнүн лидерлеринин саммитинде кеңири чөйрөдө келишимдер түзүлгөнүн эске салды.

Касым-Жомарт Токаев: “Бир тууган мамлекеттерибиздин ортосундагы мамилелер кеңейтилген стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине жетти. Түркия Казакстандын алдыңкы төрт соода өнөктөшүнүн бири. Өткөн жылы эки тараптуу соода 54% пайызга өсүп, 6,3 миллиард долларга жеткен. Жакын арада бул көрсөткүчтү 10 миллиардга жеткирүүнү макулдаштык. Эки өлкөнүн инвестициялык кызматташтыгы динамикалуу өнүгүп жатат. Түркия Казакстандагы эң чоң 10 инвестордун арасында. Учурда жалпы суммасы 2,8 миллиард доллардан ашык 36 долбоор боюнча иштер жүрүп жатат. Биз эки өлкөнүн кызматташтыгынын келечеги кең деп эсептейбиз”,-деп билдирди.

Хакан Фидан Касым Жоомарт Токаевге президент Режеп Тайып Эрдогандын саламын айтты. Министр түрк тарап эки өлкөнүн кызматташтыгын илгерилетүү, ошондой эле аймактык жана эл аралык түзүмдөрдүн алкагындагы өз ара аракеттенүүнү жаңы деңгээлге көтөрүү үчүн бардык күч-аракетин жумшоого ниеттенип жатканын белгиледи.

Хакан Фидандын айтымында, Түркиянын лидери үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында, Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) саммитине тушташ боло турган сапарынын алкагында, эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүгүн чыңдоонун келечегин ар тараптуу талкуулоону пландаштырууда.

 

https://kapital.kz/economic/118981/v-kazakhstane-realizuyet-sya-36-proyektov-na-2-8-mlrd-s-uchastiyem-turetskikh-investorov.html