21.09.23

Bilkent Cyberpark компаниясы тарабынан уюштурулган “Түркия-Казакстан Бизнес Форумунда” (Анкара) Казакстандын GIS борбору менен Bilkent Cyberpark  компаниясы жана Түркиялык IT компанияларынын ортосунда 4 кызматташтык протоколуна кол коюлду.

Компаниялардын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн жана эл аралык атаандаштык деңгээлин жогорулатуу максатында Bilkent Cyberpark компаниясы 25-28-апрель күндөрү, Казакстандын Алматы жана Астана шаарларында атайын  иш-чараларын уюштурган.

Иш-чаранын алкагында коргонуу өнөр жайы, каржы технологиялары, билим берүү технологиялары, өздүктү тактоо  жана электрондук кол коюу сыяктуу ар түрдүү тармактарда иштеген 16 Түркия фирмаларын камтыган делегациялардын мүчөлөрү менен 500 ашуун Казакстандагы мамлекеттик мекемелер жана уюмдар менен жекеме-жеке жолугушууларды өткөрүлгөн.  

Казакстанда өткөн иш чарадан кийин, Түркиялык үч фирма тиешелүү мекеме жана уюмдар менен кызматташтык келишимине кол коюшкан. Алардын ичинен Түркиялык бир компания, Астанада кеңсесин ачкан болучу.  Казакстанда  ийгиликтүү болуп өткөн иш чарадан кийин, кезектеги кадамы катары Түркиянын башчылыгында, Казакстандык делегациянын катышуусу менен эки боордош өлкөнүн соода алакаларын бекемдөө максатында, 18-21-сентябрь күндөрү Анкарада Bilkent Cyberpark компаниясы  тарабынан дагы бир иш чара уюштурулду.

https://www.trtavaz.com.tr/haber/tur/avrasyadan/turkiye-ile-kazakistan-arasinda-teknoloji-yapay-zeka-ve-siber-guvenlik-konula/650c1f150f43c0b81913fa1f