23.09.23

Казакстандын Тараз шаарында, Кыргызстан жана Казакстандын “Аймактар ​​аралык I форуму” болуп өттүп анын жүрүшүндө 65 миллион долларга бааланган келишимдерге кол коюлду.

Бул тууралуу, “Kapital.kz” бизнес-маалымат борбору Казакстандын премьер-министринин басма сөз кызматына таянуу менен жазып чыкты.

Ишемби күнү жарыяланган билдирүүдө:   “Форумдун эки күндүк  жүрүшүнүн жыйынтыгында канаттуулардын этин, медициналык жана кондитердик азыктар, комплекстүү микро жерсемирткичтер, аммофос, натрий цианиди, акиташ жана сланец сыяктуу товарларды ташып жеткирүү. Ошондой эле соода жана ортомчулук кызматтарды көрсөтүү, жеңил өнөр жайы жана банк тармагында жаңы демилгелерди ишке ашыруу макулдашылды. Жыйынтыгында, 65 миллион долларга бааланган бир катар коммерциялык келишимдерге кол коюлду”,- деп айтылат.

Мындан тышкары, Чымкент жана Ош шаарларынын, Актөбө жана Жалал-Абад облустарынын жетекчилери бир тууган шаарлар менен байланыштарды түзүү боюнча меморандумдарга  кол коюшту.

https://kapital.kz/economic/119334/kazakhstan-i-kyrgyzstan-podpisali-kommercheskiye-dokumenty-na-65-mln-dollarov.html