02.10.23

Казакстандын Туризм жана спорт министри Эрмек Маржикпаев жана Өзбекстандын Казакстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Саидикрам Ниязходжаев эки мамлекеттин туризм тармагындагы кызматташуусун талкуулашты. Бул тууралуу, “Kapital.kz” бизнес-маалымат борборунун басма сөз кызматы билдирди.

Эрмек Маржикпаев эки өлкөнүн ортосундагы өткөрүү пункттарынан чартердик туристтик автобустардын тоскоолдуксуз өтүүсү үчүн өзгөчө шарттарды түзүү маселесин талкуулоону сунуштады. Министр бул кадам Казакстан менен Өзбекстандын “Улуу Жибек Жолунун” боюндагы тарыхый-маданий борборлорду бириктирген “Табаррук зиярат” долбоорун ишке ашырууга жардам берерин баса белгиледи.

Казакстандын Туризм жана спорт министри Эрмек Маржикпаев:  “Чек ара долбоорлорун ишке киргизүү, Казакстан менен Өзбекстандын ортосундагы туристтик агымдын өсүшүнө оң таасирин тийгизет жана ошондой эле байыркы шаарларды жана эстеликтерди гана эмес, эң негизгиси жалпы түрк элдерин бириктирген уникалдуу туристтик маршрут болуп калат деп ишенем” - деп белгилеп өттү.

Туризм жана спорт министри ошондой эле Борбордук Азиянын бирдиктүү брендин илгерилетүү жана эл аралык туристтик көргөзмөлөргө катышуу боюнча ишти улантууну да сунуштады.

Өзбекстандын элчиси Саидикрам Ниязходжаев, Өзбекстан Казакстан менен биргелешкен туристтик долбоорлорду ишке ашырууга абдан кызыкдар экенин баса белгиледи. Элчи ошондой эле эки тараптуу туристтердин агымын арттыруу максатында эки өлкөнүн ортосунда туристтик автобустардын жүрүшүн жеңилдетүү иштери жүрүп жатканын билдирди.

https://kapital.kz/economic/119502/uzbekistan-zainteresovan-v-zapuske-sovmestnykh-s-kazakhstanom-turproyektov.html