04.10.23

2023-жылдын алгачкы 7 айында, Казакстан аркылуу өткөн Транскаспий эл аралык транспорт жолу (Орто коридор) боюнча товар ташуунун көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 86% пайызга өсүп, 1,6 миллион тоннаны түздү.

Бул тууралуу “Vesti.az” маалымат кызматы Казакстандын “Самрук-Казына” фонду тараткан маалыматына шилтеме берүү менен жазып чыкты.

Белгилүү болгондой, аталган маршрут менен товар ташуунун көбөйүшү  Казакстандын экспорттук үлүшүнө таасирин берип анын көлөмү 1,2 миллион тоннаны (2,5 эсеге өсүү байкалган) түзгөн.

Учурда Кытай жана Борбордук Азия өлкөлөрүн Европа менен Каспий деңизи аркылуу байланыштырган жана ошондой эле Түштүк Кавказ өлкөлөрүн Түркия менен байланыштырган “Орто коридор” өнүгүүнүн негизги чекиттеринин бирине айланды жана башка өлкөлөрдүн да көңүлүн бурууда.

https://vesti.az/ekonomika/obem-gruzoperevozok-po-srednemu-koridoru-vyros-na-86-497498