03.10.23

Казакстандын Сенатынын Экономикалык саясат, инновациялык өнүгүү жана ишкердик боюнча комитетинин депутаттары кеңейтилген жыйынында “Түрк инвестициялык фондун түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо” тууралуу мыйзамды талкуулашты. Бул тууралуу, “Kazpravda.kz” кызматы билдирди.

Макулдашуунун максаты, аймактык ички сооданы көбөйтүү жана экономикалык активдүүлүктү колдоо аркылуу, Түрк мамлекеттери уюмуна (ТМУ) мүчө мамлекеттердин экономикалык өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүүгө багытталган эл аралык финансылык уюм формасында, Түрк инвестициялык фондун түзүү болуп саналат.

Фонд төмөнкү функцияларды аткарат; чакан жана орто ишканалардын долбоорлорун каржылоо, физикалык жана санариптик инфраструктураны түзүү жана модернизациялоону колдоо, өнөр жай өндүрүшү, транспорт, айыл чарба, туризм,өз ара кызыкчылык туудурган тармактарды өнүктүрүү долбоорлорун колдоого багытталат.

Белгилей кетсек, Фонддун уюштуруучулары Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө болгон Казакстан, Азербайжан, Түркия, Өзбекстан жана Кыргызстан мамлекеттери эсептелет. Талкуунун жыйынтыгында, Комитеттин мүчөлөрү аталган мыйзамды палатанын отурумунда кароого жөнөтүү чечимин кабыл алышты.

https://kazpravda.kz/n/zakon-po-ratifikatsii-soglasheniya-o-sozdanii-tyurkskogo-investitsionnogo-fonda-rassmotreli-v-senate/