09.10.23

Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов жана Түркиялык “Eren Holding” компаниясынын жетекчиси Ахмет Эрен, Казакстандын экономикасынын түрдүү тармактарында жаңы инвестициялык долбоорлорду ишке киргизүүнүн келечегин  талкуулашты. Бул тууралуу,  “primeminister.kz.” маалымат кызматы билдирди.

Өкмө башчысы Алихан Смаилов, Түркиялык холдингдин республикадагы долбоорлорго инвестиция салуу ниетин жогору баалай турганын баса белгиледи. Анын билдиришинче, бүгүнкү күндө Казакстанда Түркиялык капиталы менен 4 миңден ашуун компания иштеп жатат. Алар, тоо-кен металлургия комплекси, инфраструктура, тамак-аш өнөр жайы жана фармацевтика сыяктуу тармактарда долбоорлорду ишке ашырышууда.

Өкмө башчысы Алихан Смаилов: “Биздин өлкөлөр ортосундагы өзгөчө ишенимдин учурдагы деңгээли жана кызматташууга болгон жалпы умтулуу бизге жаңы перспективаларды ачууга мүмкүндүк берет деп ишенем”, - деп белгилеп өттү.

Өз кезегинде,  Ахмет Эрен тиешелүү инвестициялык чечимдерди кабыл алуу үчүн холдингдин Казакстандагы потенциалдуу долбоорлорду изилдөөгө даяр экендигин билдирип келип: “Биз жаңы инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү карап жатабыз. Бул кагаз өндүрүшү, энергетика жана текстиль сыяктуу тармактар ​​болушу мүмкүн. Ошондой эле тоо-металлургия тармагына да инвестиция салууга даярбыз. Бизде жогорку сапаттагы өндүрүмдүүлүкө жеткирүүгө мүмкүндүк берүүчү технологиялар бар. Буга байланыштуу инвестициялык маселелерди биргелешип карап көргүбүз келет”, - деп билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында, Казакстанда потенциалдуу инвестициялык долбоорлордун иштеп чыгуу жана бардык актуалдуу маселелер боюнча активдүү диалогду колдоо боюнча, макулдашууга жетишилди.

https://kapital.kz/economic/119717/eren-holding-rassmotrit-potentsial-nyye-proyekty-dlya-investirovaniya-v-kazakhstan.html