12.12.23

Казакстандын Жамбыл облусунун акими Эрбол Карашукеев жана Түркиялык “Atlantis” компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Грюсель Арал жолугушту. Көрүшмө учурунда, облустун аймагында суу ресурстарын үнөмдөөнү пайдалануу боюнча, долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты. Бул тууралуу, Жамбыл облсусунун акимчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Түркиялык “Atlantis” компаниясынын ишмердүүлүгү тамчылатып сугаруу технологияларын өнүктүрүүгө багытталган. Грюсель Арал мындай технологияны, Жамбыл облусунда пайдаланууга жардам берүүнү пландап жатканын билдирди.

Өз кезегинде, Эрбол Карашукеев аймакты сугат суу менен камсыздоо боюнча аткарылып жаткан иштерге кеңири токтолуп жана анын багыттары тууралуу айтып берди. Аларга: жер астындагы суу ресурстарын натыйжалуу пайдалануу, каналдарды реконструкциялоо жана оңдоо, суу сактагычтарды куруу, айыл чарба тармагын санариптештирүү жана сууну үнөмдөөчү технологияларды ишке киргизүү сыяктуу иш чаралар кирет.

Ошондой эле Эрбол Карашукеев сууга байланышкан маселелерди айтып келип: “Жамбыл облусу өлкөнүн айыл чарба тармагын өнүктүрүүдө стратегиялык ролду ойнойт. Айрыкча  кызылчаны өндүрүүгө көңүл бурулууда. Республикадагы пияздын 80 пайызга жакыны Жамбыл облусунда өстүрүлөт. Алдыга коюлган милдеттерди мындан ары да ийгиликтүү аткаруу үчүн тамчылатып сугаруу технологиясын активдүү ишке киргизишибиз керек”-  деп белгилеп өттү.

Эки мамлекеттин өз ара пайдалуу кызматташуусунда, эбегейсиз зор потенциалын эске алуу менен тараптар тыгыз кызматташууга даяр экендиктерин белгилешти.

https://kapital.kz/economic/121591/turetskiy-investor-planiruyet-naladit-proizvodstvo-vodosberegayushchikh-tekhnologiy-v-kazakhstane.html